Бишкектин Асаналиев көчөсүндөгү темир жол өтмөгүндө унаа кыймылы чектелетЭкинчи ата-эненин макулдугусуз. Балдардын чет өлкөгө чыгуусу жеңилдетилиши мүмкүнБишкекте Чүй проспектисинин оңдолгон бөлүгү ачылдыБишкекте жети өлкөнүн компаниялары катышкан эл аралык өнөр жай көргөзмөлөрү өтөтСанитардык талаптарга жооп бербейт: Өзгөн районундагы мал союучу жай жабылдыКыйылган бир дарактын ордуна бешөө. ЖКда бак-дарактарды коргоонун жолун сунушташты
Атасынын унаасын уурданып айдап чыккан бала достору менен жол милициясына кармалды (видео)
22.01.2025 | 10:45
Токмок шаарында атасынын унаасын уурданып айдап чыккан бала жана достору кармалды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Токмокто жол тескөөчүлөрү Audi унаасын токтоткондо, айдоочу аларга баш ийбей качууга аракет кылган. Кызматкерлер артынан жетип барып, текшерүү учурунда айдоочусу жана ичиндеги жүргүнчүлөрү өспүрүмдөр экени аныкталган. Ошондой эле рулда отурган 15 жаштагы бала айдоочулук күбөлүгү жок туруп, атасынын унаасын уурданып айдап чыккан.
Аталган факт боюнча унаа айып короого коюлуп, өспүрүмдөр милицияга жеткирилип, ата-энеси чакыртылган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом