Аскердик прокуратура ӨКМдин мурдагы башчысы Урматбек Шамыркановго карата кылмыш ишин козгодуМуфтият: Орозо айт 20-мартта белгиленетАк-Бата конушунда 650 орундуу жаңы мектептин курулушу башталдыКыргызстан ITB Berlin 2026 көргөзмөсүндө туристтерди тартууга аракет кылуудаЖогорку сот журналист Махабат Тажибек кызынын өкүмүн жокко чыгарып, ишти кайра кароого жөнөттүӨкмөт унаалар үчүн Кыргызстандагы тоннелдерден өтүү акысын бекитти
Сот Октябрь райондук милициясынын башчысынын орун басарын бошотту
22.11.2021 | 11:43
Бишкектин Биринчи Май райондук соту 20-ноябрда Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары Бегайым Тураповага карата баш коргоо чарасын тандады.
Райондук соттун чечими боюнча ал 2022-жылдын 18-январына чейин үй камагына чыгарылды.
Турапова кыйноо, пара талап кылуу жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу беренелери боюнча айыпталып кармалганын Башкы прокуратура билдирген. Буга чейин бул иш боюнча Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Уланбек Аалиев, Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Талгат Кубатбеков жана тергөөчүлөр кармалган.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар