Ички иштер министринин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаковдун иниси Улукбек Өмүрзаковдун баш коргоо чарасы каралып, 2 айга убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу “Репортерго” Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Улукбек Өмүрзаковдун баш коргоо чарасы 14-ноябрда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда каралган. Анда сот аны 2 айга камакка алууга чечим чыгарган.
Белгилей кетсек, 12-ноябрда Ош облустук прокуратурасынын прокурору Улукбек Өмүрзаков ““Жол чырак” көмүр кенин басып алып, 82 миллион сомдук мыйзамсыз көмүр казып, социалдык төлөмдөрдү төлөбөгөн” деген айып менен кармалган.