Социалдык фонд пенсияны тейлөөнү санариптештирүүдө

29.01.2026 | 15:54

Өкмөт башчы Адылбек Касымалиев Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиевди кабыл алып, фонддун жаңы автоматташтырылган маалыматтык системасы менен таанышты. Бул тууралуу Минкабдын маалымат кызматы билдирди.

Жаңы система пенсияны жол-жоболоштуруу процессин жөнөкөйлөтүп, жарандарды кагаз түрүндөгү документтерди чогултуудан бошотот. Программа керектүү маалыматтарды автоматтык түрдө топтоп, жарандардын арыздарын кароо убактысын кыскартат. Мындан тышкары, персоналдык маалыматтарды коргоону камсыздайт жана киберкоркунучтарга туруктуу келет.

Жаңы система коррупциялык тобокелдиктерди жоюуга жана калкты тейлөөнүн натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган.

Адылбек Касымалиев пенсиялык системада реформаларды жүргүзүүнү улантууну жана пенсионерлер үчүн тийиштүү шарттарды түзүүнү тапшырды.

Scroll to Top