Соттук-эксперттик кызмат жана УКМК жаңы криминалистикалык жабдууларды алышты
Юстиция министрлигине караштуу Соттук-эксперттик кызмат жана УКМКнын Антитеррордук борбору санариптик криминалистика жана критикалык инфраструктураны коргоо үчүн заманбап жабдуулар менен камсыздалды.
Юстиция министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, жаңы техника компьютердик-техникалык жана фоноскопиялык экспертизалардын натыйжалуулугун жогорулатууга, ошондой эле киберкылмыштар жана терроризм боюнча иштерди иликтөөнү ылдамдатууга жардам берет.
Жабдууларды тапшыруу аземине юстиция министринин биринчи орун басары Алмазбек Зарылбек уулу, Соттук-эксперттик кызматтын төрагасы Талантбек Кожонов, БУУнун Кыргызстандагы туруктуу координатору Антье Граве, ЕБ өкүлчүлүгүнүн кызматташтык бөлүмүнүн башчысы Ханс Фарнхаммер, УКМКнын Антитеррордук борборунун директорунун орун басары Адыл Кадыралиев жана «ЕБ–БУУнун терроризм коркунучтарына каршы күрөшүү боюнча куралы» долбоорунун жетекчиси Дмитрий Пономарев катышкан.
Жабдуулар жана техникалык колдоо Европа Биримдиги тарабынан каржыланып, БУУнун Контртеррордук башкармалыгы ишке ашырып жаткан «ЕБ–БУУнун терроризм коркунучтарына каршы күрөшүү боюнча куралы» долбоорунун алкагында берилген.
“Изилдөө методдорун тынымсыз өркүндөтүүнүн жана жаңы технологияларды киргизүүнүн аркасында соттук-эксперттик кызмат өлкөнүн илимий-техникалык өнүгүүсүнүн ажырагыс бөлүгүнө айланууда”, – деп белгилеген юстиция министринин биринчи орун басары Алмазбек Зарылбек уулу.
Ошондой эле УКМКнын Антитеррордук борбору ЕБ жана БУУнун колдоосу менен түзүлгөн критикалык инфраструктураны жана аялуу объектилерди коргоо боюнча онлайн-платформаны пайдаланууга арналган жабдууларды алган.
Мындан тышкары, адистер эл аралык билимдерге, окутуу программаларына жана мыкты дүйнөлүк тажрыйбаларга мүмкүнчүлүк алышкан. Бул санариптик криминалистиканы жана критикалык инфраструктураны коргоону жаңы сапаттык деңгээлге чыгарууга өбөлгө болот.