Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын башчысы Ибрагим Нуракун уулу төрага Дастабек Жумабековдун «27-апрелди 15-апрелге чейин узартып алыш керек” деп жаңылып сүйлөгөнү боюнча түшүндүрмө берди.
“Төрага айдын аталышын жаңылыш айтып алганы чын. Видеонун толук версиясын сунуш кылабыз. Кабыл алынган токтомдо 27-марттан 15-апрелге чейин Жогорку Кеңештин депутаттары эл менен тыгыз байланышта иштеп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү улантуу керектиги тууралуу белгиленген”, — деп жазган Нуракун уулу “Фейсбук” баракчасына.
https://www.facebook.com/ibraim.nurakunuulu/videos/10157516282443264
Төраганын жаңылып калган сөзү учурда социалдык тармактын колдонуучуларынын кайрадан талкуусуна түштү.
Ал буга чейин дагы бир нече жолу жаңылып айтып алган сөздөрү менен коомулуктун сынына кабылган.