Спорттун олимпиадалык түрлөрү менен машыккан спортчуларга салыктык жеңилдик каралууда

Спорттун олимпиадалык түрлөрү менен машыккан спортчуларга салыктык жеңилдик каралууда

Спорттун олимпиадалык түрлөрү менен машыккан спортчуларды алган сый акысы үчүн киреше салыгынан жана камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөдөн бошотуу сунушталууда. Бул тууралуу экономика министри Данияр Амангелдиев парламенттин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Амангелдиев комитеттин отурумунда «салык салуу жана социалдык камсыздандыруу чөйрөгүндөгү мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү» тууралуу мыйзам долбоору боюнча баяндама жасап, аталган норма сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдүн бири экенин билдирди.

Ошондой эле аталган мыйзам долбоору менен олимпиадалык спорт товарларын өлкөгө ташып келгендерди кошумча нарк салыгынан, сатуудан алынган салыктан бошотуу сунушталууда.

Эскерте кетсек, учурда спорттун 40 түрү олимпиадалык болуп саналат: алардын 32си жайкы жана сегизөө кышкы спорт.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>