«Кыргызсериал» тик форматтагы сериалдар сынагын жарыяладыКыргызстанда айыл чарба техникаларынын жазгы талаа иштерине даярдыгы 89%га жеттиМосквада белгилүү сүрөтчү Семён Чуйковдун көргөзмөсү ачылатТМУ өлкөлөрү соттук-эксперттик мекемелердин бирдиктүү Түрк тармагын түзүүнү макулдаштыКыргызстанда банктык насыяларды берүү ыргагы кескин басаңдадыОштун мэри «Алай» футболдук клубуна автобус тапшырды
Сулайман-Тоонун буфердик зонасы каралууда
19.11.2025 | 12:32

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев жумушчу топ менен бирге Сулайман-Тоонун буфердик зонасын жеринен карап чыкты. Бул тууралуу Ош мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, “Сулайман-Тоо ыйык тоо” буфердик зонасынын чек араларын оптималдаштыруу боюнча сунуштар талкууланган.
Мэр Токторбаев белгилегендей, келечекте Сулайман-Тоонун айланасы тазаланып, жашылдандырып, туристтер айланып баса алгыдай кылып жасалат. Ал тоону айланта чуркоочу жол, самокаттар үчүн жол куруу керектигин белгиледи.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом