Денис Петрашов АКШнын Студенттик лигасында алтын медаль утуп алды

Денис Петрашов АКШнын Студенттик лигасында алтын медаль утуп алды

Кыргызстандык суучул Денис Петрашов АКШнын Студенттик лигасында 100 метрге брасс менен сүзүүдө алтын медаль утуп алды.

«Atlantic Coast Conference» АКШдагы «NCAA′нын» биринчи дивизионуна кирген студенттик лига. Учурда конференцияда спорттун 25 түрү боюнча ат салышкан 15 университеттик команда бар. Америкалык студенттик спорттун эң күчтүү 6 конференциясынын катарына кирет.

Сууда сүзүү боюнча кезектеги мелдеш 18-22-февралда Гринсборо шаарында (Түндүк Каролина штаты) өттү.

Луисвилл университетинин атынан чыккан Петрашов 100 ярдга брасс ыкмасы менен сүзүүдө 50,62 секунд убакыт менен 1-орунду ээледи.

Бул жыйынтык Атлантика жээги конференциясынын жаңы рекорду, Атлантика жээги конференциясынын чемпионатынын рекорду, ошондой эле мектеп окуучулары арасындагы рекорд болуп саналат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>