Садыр Жапаров жабыркаган аскер кызматкеринин ишин жеке көзөмөлүнө алдыБаткенде алимент төлөөдөн качкан жаран 2 жылга эркинен ажыратылдыБарскоон – Бедел унаа жолун куруу боюнча мамлекеттик дирекция түзүлдүБаткенде аскер кызматкери оор жаракат алды: депутат шашылыш жардам көрсөтүүнү сурандыКыргызстанда жарандарды каттоо эрежелерин жөнөкөйлөтүү сунушталдыБишкекте ат минип эс алуу: 5 метр алыстык жана кенеге каршы спрей
Суучулдар Ысык-Көлдүн түбүн тазалашты (видео)
31.03.2024 | 10:05
30-мартта ӨКМдин Ысык-Көлдөгү Суучулдар кызматынын суучулдары “Улуттук тазалык күнүнө” карата суу алдында ишембилик өткөрүштү. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Суучулдар Ысык-Көлдүн жээгин жана түбүн желимден жасалган, чирибей турган таштандылардан тазалашты. Алар суу алдынан көбүнчө желим баштыктарды, бөтөлкөлөрдү жана ар кандай суусундуктардын идиштерин көп алып чыгышты.
«Көптөгөн жылдар бою суу алдында жаткан таштандылар менен балык уулоочу торлору Ысык-Көлдүн флорасы жана фаунасына чоң зыян келтирүүдө. Тазалоо иштери байма-бай жүргүзүлөт», – деп айтылат маалыматта.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар