Сууга чөмүлүүдө кандай эрежелер сакталышы керек?
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги сууга түшүүдөгү эң негизги эрежелер боюнча жарандарга түшүндүрө кетти.
Сууга түшүү эрежелери:
– Агын сууларга, көлмөлөргө сууга түшүүгө тыюу салынат;
– Сууга чоңдордун, ата-энелердин көзөмөлүндө гана түшүү керек;
– Мурда көрүп-билбеген, балыры көп жерге түшүүгө болбойт. Суунун тереңдиги көрүнбөйт. Бутка оролгон балыр сууга түшүүгө тоскоолдук жаратып, чөгүп кетүүгө жол ачат. Алыс сүзбө;
– Мас болуп сууга түшкөнгө болбойт;
– Баланы суу боюнда кароосуз калтырбагыла;
– Кайык, моторлуу кайыктын артынан кубалап, асылууга, жабышууга болбойт;
– Күн бүркөктө же катуу шамал башталганда сууга түшүүдөн абайлагыла;
– Үйлөмө матрац, жаздыкча, дөңгөлөктүн камерасында сүзүүгө болбойт. Ал жарылып кетсе, адам терең жерге түшүп кетүүсү ыктымал;
Көпүрө, тосмо, кеме токтоочу жай, кайыктан жана катерлерден сууга секирүүгө болбойт.
Ал эми сууда сүзгөндү билбегендер үчүн кеңеш:
– Сууга чөгө баштаганда өзүн жоготпой, дүрбөлөңгө түшпөй, тынч кармаса, адам өзүн-өзү сактап калуусу мүмкүнчүлүк түзүлөт;
– Кескин кыймыл жасабоо керек, анткени суу оозго, өпкөгө тез толуп, буттун тарамыштары түйүлүп калат;
– Терең дем алып, абаны өпкөдө 30 секунддай кармоого аракет кылса натыйжалуу болот.
Кайыкта болсоңуз:
– кароосуз калган жана техникалык жактан оң болбогон кайыктарды пайдаланбаныз;
– мас абалда кемеге түшүп сейилдебеңиз;
– сууда сүзүп бара жатып, бир кайыктан экинчи кайыкка олтурбаңыз;
– караңгы киргенден кийин кайык, катер, катамаран колдонбоңуз.
Эгер сиз:
– чарчап турсаңыз;
– күн өтүп кеткен болсо;
– ачка болсоңуз;
– суусап турсаңыз;
– ооруп айыксаңыз;
– спирт ичимдиктерин ичсеңиз сууга түшпөй койгонуңуз дурус.
Ар бир кыймылыңыздан сиздин жана сиздин жакыныңыздын өмүрү көз каранды