Суваналиев: Жээнбековго ушундай “шоуну” айткам, камайлы десем, ошого баралбай койду

Суваналиев: Жээнбековго ушундай “шоуну” айткам, камайлы десем, ошого баралбай койду

Өмүрбек Суваналиев соңку убакта камакка алынып, иш козголгон Райымбек Матраимов, кримтөбөл Камчы Көлбаевдерди камоону Сооронбай Жээнбековго сунуштап, ал көнбөй койгондугун айтты.  Бул тууралуу саясатчы Азаттык радиосунун “Эки бир” берүүсүндөгү маегинде билдирген. 

Андан журналист Матраимов, Көлбаевдердин камалуусу шоу деп айрым саясатчылар сындап жатканын, буга анын көз карашы кандай экендигин сураган. 

 “Сыртынан караганда чындап эле “шоу”, “мыйзамдагы ууруну” ким УКМКга алып келип, ушинтип камап коёт. Бул чындап элге шоу сыяктуу болуп калат. Бирок ушундай “шоуну” Жээнбековго айткам, камайлычы, тигинтеличи — мынтеличи десем ошого бара албай койду. Бирок булар барды, ошонусуна кудайга шүгүр деш керек. Точка не возвратадан кетип калдык да, эми болду эл дагы айтат аягына чыккыла деп, эгер аягына чыкпаса мафияны колдоору же колдобоору ачык болуп калат”, — деди Суваналиев.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>