Гуманитардык сабактардын мугалимдери айлыгы төмөн экенине нааразыНоокенде бала бакчада 80 литрлик бойлер жарылып, имарат катуу жабыркадыБалыкчы — Кочкор темир жол тилкеси 2026-жылдын августунда ишке киргизилет – «Кыргыз темир жолу» УК»Ысык-Ата районундагы «Туз» суу сактагычынын сыйымдуулугу эки эсеге көбөйөтЧет өлкөлүк жарандар балдарын мектепке 1-класска кантип каттай алышатЧүйдө «Асыл Тери» терини кайра иштетүүчү заводунун курулушу башталды
Сыйлык мен үчүн күтүүсүз болду, – Ташиев алган наамы тууралуу
02.09.2022 | 14:11
УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев президент Садыр Жапаровдон алган сыйлык боюнча журналисттерге комментарий берди.
«Сыйлык мен үчүн күтүүсүз болду. Мамлекет башчысы Садыр Нургожоевичке ыраазычылыгымды билдирем. Көп жылдар өтсө да, биздин эмгегибизди баалады. УКМКнын негизги багыты – өлкөнүн улуттук коопсуздугун камсыз кылуу. Биздин кызматкерлер бүгүнкү күндө өз милдеттерин так аткарып жатышат, мындан ары да ошондой болот деп ишенем», – деди Камчыбек Ташиев.
УКМКнын жетекчиси мамлекеттин жана Кыргызстан элинин алдында сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн «Ак Шумкар» өзгөчө белгиси менен эң жогорку даражадагы «КР Баатыры» наамы менен сыйланган.
Садыр Жапаров мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземинде сыйлык кайсыл эмгеги үчүн берилгенин айткан.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: Жаңылыктар, Коом