Сыймык Жапыкеев ооруканага түштү. Бул тууралуу өзү “Фейсбук” баракчасына жазды.
“Достор баары жакшы, сахар күчөп, бүгүн көтөрүлүп кетти. Ден соолука акыркы күндөрү катуу күч келип кетти (нерв). Сахарды бир да окумуштуу айыктара албай койду. Эч жерин оорубайт, бирок бут органдарды жейт экен. Буюрса бир жума ден соолукту карап, анан ишке киришелик. Догдурга баш ийбесе болбойт, жаткырышты”, — деп жазган Жапыкеев.