Садыр Жапаров жабыркаган аскер кызматкеринин ишин жеке көзөмөлүнө алдыБаткенде алимент төлөөдөн качкан жаран 2 жылга эркинен ажыратылдыБарскоон – Бедел унаа жолун куруу боюнча мамлекеттик дирекция түзүлдүБаткенде аскер кызматкери оор жаракат алды: депутат шашылыш жардам көрсөтүүнү сурандыКыргызстанда жарандарды каттоо эрежелерин жөнөкөйлөтүү сунушталдыБишкекте ат минип эс алуу: 5 метр алыстык жана кенеге каршы спрей
Сүйүнчү! Бишкекте үч эм төрөлдү
18.03.2024 | 13:59
Бишкекте үч эм төрөлдү. Бул тууралуу Саламаттык сакто министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Ымыркайлар 15-мартта №2 клиникалык төрөт үйүндө жарык дүйнөгө келген. Балдардын энеси 35 жашта. Ал кесарево жолу менен төрөгөн. Бул анын төртүнчү төрөтү.
Ымыркайлардын төрөлгөндөгү салмагы: кыз – 2 кг 40 гр, эркек бала – 2 кг 270 гр, эркек бала – 2 кг 940 гр.
Эне менен ымыркайлардын абалы туруктуу, медициналык кызматкерлердин көзөмөлүндө.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом