Бишкекте айрым көчөлөрдө убактылуу ысык суу өчүрүлөтТурдакун Усубалиевдин жакындары Кочкордун аталышын өзгөртүүгө каршы чыктыБишкекте Гоголь көчөсүндөгү бала бакча капиталдык оңдолууда«Манас» аэропортуна улгайган жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга унаа токтотуучу жайга кирүүгө уруксат бердиМунарбек Сейитбек уулу дүйнөлүк бокс рейтингинде 3-орунду ээледиШаардык сот Кой-Таш окуясы боюнча өкүм чыгарды
Экс-депутаттын уулу, Шадиевдин өкүл баласы – Улукбек Марипов жөнүндө фактылар
01.02.2021 | 12:13
Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясы премьер-министрликке Улукбек Мариповдун талапкерлигин карап жатат. Талапкерди “Республика – Ата Журт” фракциясы көрсөткөн.
Reporter.kg өкмөт башчылык кызмат ордуна талапкер жөнүндө фактыларды топтоду:
Марипов Улукбек Асамидинович 1979-жылы 30-августта Ош облусунун Ноокат районундагы Кыргыз-Ата айылында туулган. Ал кыргыз, орус, англис тилдерин билет. Ош технологиялык университетин жана Ош мамлекеттик университетин финансы-насыя жана юриспруденция адистиги боюнча аяктаган.
- Ноокат аймактык ооруканасынын директору Асамидин Мариповдун уулу. Ал эки жолу Жогорку Кеңештин депутаты болгон.
- 2009-жылдын октябрь айынан 2010-жылдын апрелине чейин – Курманбек Бакиевдин президенттик аппараттын уюштуруу-көзөмөлдөө кызматынын инспектору болгон.
- Улукбек Марипов президент Алмазбек Атамбаевдин жардамчысы жана мамлекет башчысынын аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары болуп иштеп, ушул кызматта Икрамжан Илмияновдун ордуна келген.
- 2016-жылдын март айынан баштап, Кыргыз Республикасынын Эсеп палатасынын төрагасы.
- Ал посттон 26,5 миң сом алгандыгын билдирген. Бул суммага стажы үчүн жөлөк пул кошулат.
- Анын мамлекеттик кызматта иштегенине 20 жылдай болду.
- Ал АКШга качып кеткен мурунку биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиевдин өкүл баласы.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат