Жогорку Кеңештин депутаты, Ош шаарынын мурдагы мэри Таалайбек Сарыбашов, сынактан эки жолу үй утуп, бирок аларды ала албай жүргөн мугалим Илгизбек Шамырзаевге батир белек кылды. Бул тууралуу ал «Фейсбуктагы» баракчасында билдирди.
Белгилүү болгондой, октябрь айында «Азаттык» Илгизбек Шамырзаев Ош шаарында өткөрүлгөн сынактарда эки жыл катары менен бир бөлмөлүү батир утуп алганын, бирок сынактын уюштуруучулары убада кылынган үйлөрдү бере электиги, мугалимдин өзү ижарага алган батирде жашап жүргөнү тууралуу сюжет чыгарган.
Сынактардын бирин Оштун мэриясы өткөрүп, батирди демөөрчү болгон «Эмаком» компаниясы бермек. Ал эми батирдин сертификатын Оштун мэри болуп турган Таалайбек Сарыбашов тапшырган. Илгизбек Шамырзаевдин батир ала электиги белгилүү болгондон кийин Сарыбашовго коомчулук тарабынан сындар айтылган. Мындан улам ал Шамырзаевдин батир маселеси чечилбесе, өзү үй алып берерин убада кылган.
Айтканындай Сарыбашов мугалимге бир бөлмөлүү батир белек кылып, жаңы конушка көчүп кирген мугалимдин үйүнө барып келген.
«Жаш мугалим үйлүү болуп жатат деп сүйүнгөн элем. Кудай деле «көп сүйүндүң, өзүн алып бер» деген окшойт.
Бул батирди жакшы ниет, максат менен белек кылып берип жатабыз», — деди ал.
Илгизбек Шамырзаев Сарыбашовго белеги үчүн ыраазычылык билдирген.