Түркияда жашы жете элек өспүрүмгө сексуалдык ыдык көрсөткөн түрк жараны Кыргызстандан кармалды.
“36 жаштагы кылмышка шектүү Интерпол тарабынан издөөдө жүргөн. Ал Кыргызстанга 2018-жылы келип, өлкөдөгү жогорку окуу жайлардын биринде кара жумушчу болуп иштеп жүргөн”, — деп жазылат маалыматта.
Шектүү Биринчи май райондук сотунун чечими менен 1 айга тергөө абагына киргизилген. Учурда аны өз өлкөсүнө экстрадициялоо маселеси чечилүүдө.