Түркияда кыздын туугандары анын жигитин зордуктап, экөөнү тең өлтүрүп салышкан

Түркияда кыздын туугандары анын жигитин зордуктап, экөөнү тең өлтүрүп салышкан

Түрк кыз бөлөсүнө турмушка чыгууга мажбур болгон, бирок ал сүйүктүүсү менен качып кеткен. Андан кийин кыздын жакындары жубайларды элдешүү тамагына чакырып, анын ордуна жигитти зордуктап, экөөнү тең өлтүрүшкөн. Бул тууралуу Daily Mail жазып чыкты.

Түркиянын Байрамозу айылынын 24 жаштагы кызына тууганы менен диний никеге турууну талап кылган туугандары тарабынан кысым көрсөтүлгөнү такталды. Кыз жигити менен качып кетүүгө үлгүргөн.

Жубайлар жакын жердеги шаарга Жаңы жылдык кечеге келишкенде, үй-бүлө аларды ынтымактуу дасторконго келүүгө чакырып, анын ордуна, жаштарды бычактап өлтүрүшкөн, ал эми жигит зордукталган. Андан кийин алардын сөөгү айылдын сыртына коюлган.

Туугандарын полиция кармап кетип, алар сөөктөр кайда катылганын айтып, кылган иштерин мойнуна алышкан. Сөөктөр табылгандан кийин, атасы, аялдын бир тууган агасы, маркум кызга үйлөнүүгө мажбур болгон бөлөсү жана жубайларды өлтүрүүгө катыштыгы бар дагы эки киши камакка алынган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>