Түшкө чейин 400 миңден ашуун адам добуш берди

Түшкө чейин  400 миңден ашуун адам добуш берди

Түшкө чейин 450 миңге чукул адам добуш берди.  Бул тууралуу маалымат жыйында Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.

Анын айтуусуна караганда жалпы шайлоочулардын 13,43 пайызы добуш берди.

«Жалпы 3 миллион 318 миң 130 шайлоочу добуш берүүчүлөрдүн тизмесине кирген. Саат 12:00гө карата 445 миң 533 адам добуш берди. Шаардык кеңештерге 133 миң 116, айылдык кеңештерге 312 миң 417 шайлоочу добуш берген», — деди Шайлдабекова.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>