Ош-Бишкек жолунун Төө-Ашуу тоннели оңдоо иштерине байланыштуу маал-маалы менен жабылат.
Транспорт жана жолдор министрлигинин маалымат кызматы билдиргендей, мындай чектөө тоннелдин желдетүү системасын оңдоого байланыштуу.
Ага ылайык, 8-агусттан 5-сентябрга чейин күн сайын эрте мененки саат 8:00дөн 9:30га чейин жана саат 14:00.00дөн 15:30га чейин унаа кыймылы токтотулат.
Ал эми оор жүк ташуучу унаалардын тоннел аркылуу жүрүүсүнө ар күн сайын 1 саатан чектөө кирет.
Министрлик айдоочуларга жана жүргүнчүлөргө белгиленген убакытка карап, жолго чыгууну эскертет.