Эл аралык олимпиада комитети аялдар арасындагы мелдештерге трансгендерлердин катышуусуна тыюу салдыБишкекте Кожевенная көчөсү оңдоого жабылатКыргызстанда органдарды трансплантациялоо программасы кеңейтилүүдө: бөйрөк бекер алмаштырылат, кезекте — боорКыргызстандын Анталия шаарындагы башкы консулу алмашты28-март: Күн ачык жана жылуу болотКыргызстанда айына 1000 тонна продукция чыгаруучу заманбап сүт заводу курулат
Белгилүү ишкер Таабалды Эгембердиев жөнүндө балдарга арналган китеп жарык көрдү
28.05.2025 | 11:49
Бишкекте “Таабалды Эгембердиевдей кантип жаратман боло алам?” аттуу балдарга арналган китеп жарык көрдү. Бул тууралуу “Китепстан” басма үйү билдирди.
Китеп “Шоро”, “Супара” жана “Супара Чуңкурчак” ишканаларын түптөгөн, кыргыздын маданиятын, улуттук даамдарын дүйнөгө тааныткан жаратман ишкер Таабалды Эгембердиев өрнөктүү өмүрүн чагылдырат. Китеп “Китепстан” басма үйү тарабынан даярдалган.
“Чыгармачылык, талбас эмгек жана билимге умтулуу менен кыялдарын орундатып, жашоону өзгөртсө болот деген ишеним тартуулайт. Балдарды эркин, жаратман жана ар тараптуу болууга шыктандырат”,- деп айтылат маалыматта.
Китепти балдарга ылайыкташтырып Жаңыл Каримова жазып, ал эми түстүү сүрөттөрдү Эльнур Исаков тарткан.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом