Таалайбек Ибраев «Газпром» ишканасынан газдын баасын сактап калуу мүмкүнчүлүгүн кароону сунуштады

10.10.2025 | 12:12

Энергетика министри Таалайбек Ибраев 7-10-октябрь күндөрү өтүп жаткан Санкт-Петербургтагы XIV эл аралык газ форумуна катышууда. Анын алкагында министр «Газпром» ишканасынын башкаруу комитетинин төрагасы Алексей Миллер менен жолугушту. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди.

Жолугушууда тараптар Кыргызстанга орусиялык газдын жеткирилиши жана «Газпром Кыргызстан» ишканасынын Кыргызстандын газ ташуу жана бөлүштүрүү системаларын күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча аракеттери талкууланган. Ошондой эле газды камсыз кылуу боюнча инвестицияны көбөйтүү, күйүүчү жана майлоочу материалдар боюнча маселе көтөрүлгөн.

Таалайбек Ибраев мындан ары Кыргызстандын калктуу конуштарын газдаштыруу боюнча чараларга жылдык каржылоо суммасын кеминде 1,5 млрд сомго көтөрүүнү, жаратылыш газынын баасын сактап калуу мүмкүнчүлүгүн караштырууну, ошондой эле өлкөдөгү жаратылыш газын үзгүлтүксүз жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууну сунуштаган.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кызматташууну мындан ары тереңдетүү жана өлкөнү жаратылыш газы менен камсыз кылууну күчөтүү боюнча макулдашышкан. Аны менен катар Кыргызстанды кыш мезгилинде газ менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу боюнча сүйлөшүү жүргүзүлгөн.

Scroll to Top