БШК Нурланбек Азыгалиевди депутаттык мандатынан ажыраттыЧүй проспектиси менен Абдрахманов көчөсүнүн кесилишиндеги жер үстүндөгү конструкция жакынкы арада бузулатСадыр Жапаров кыргызстандыктарды Аталар күнү менен куттуктадыЖК депутаты Нурланбек Азыгалиев мандатын тапшырууга арыз жаздыКыргызстанда англис тили мугалимдерин даярдоо реформасы британиялык эксперттердин колдоосуна ээ болдуЖакынкы Чыгыштан 142 жаран Кыргызстанга эвакуацияланды
Тайлаков: Күйүүч май кескин кымбаттабайт
11.11.2021 | 15:39
Күйүүчү майдын баасы кескин өспөйт. Бул туурасында Монополияга каршы жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Кеңешбай Тайлаков журналисттерге айтып берди.
Ал “АИ 92 жана дизелдик отундар кескин көтөрүлгөн жок. 1-1,5 айга чейин запастары жетет. Соңку мезгилдерде Орусияда баалар көтөрүлдү. Бирок, бардыгын эсептеп, бардыгы менен такташып алдык. Ошол себептен баалардын кескин өсүшү болбойт. Көтөрүлсө да 10 сомго чейин жогорулабайт” – деди.
Буга чейин нефтетрейдерлер ассоциациясы күйүүчү-майлоочу май ноябрда бензин 9-10 сомго чейин кымбаттарын билдирген болчу.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика