Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Марат Жанталиевдин көзү тирүү болгондо бүгүн, 3-марта 60 жашка чыкмак. Бул тууралуу анын биртууганы Талант Жанталиев «Фейсбук» баракчасына жазды.
«Кудай-таала Макибайыма/Бопушка/60 жашты ыраа көрбөптүр, бүгүн 60 жашка чыгып, эл тойлогон тойду тойлобойт беле, убада берип койдум эле, мен өткөзүп берейин деп…», — деп эскерди ал.
Марат Жанталиев калың элге Бопуш деген ат менен таанылган. Ал өткөн жылдын 9-июнунда 59 жашында көз жумган. Анын өлүмүнө өнөкөт оорусу себеп болгон.
Белгилей кетсек, Марат Жанталиев 2017-жылы “Саякбай” фильминде улуу манасчынын ролун жараткан.