Кыргызстандык спортчу Венгриядагы дзюдо турниринде алтын медаль тагындыЧуңкурчакта түлкүнү аткан жарандарга айып пул салындыБишкекте жол тандабас жөө өтмөктөн 25 жаштагы жаранды сүзүп кетип, ал каза таптыСадыр Жапаров «Дастан» заводунда дрондорду өндүрүүнү ишке киргизүүнү тапшырдыКазакстанда Борбордук Азиядагы эң ири шамал электр станциясынын курулушу башталдыБишкек мэриясы шаарга 625 кичи автобус сатып алууну көздөөдө
Талас мэриясынын 29 жаштагы кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды
09.06.2020 | 10:09
Талас шаардык мэриясынын муниципалдык менчикти башкаруу башкармалыгынын жетектөөчү адиси пара менен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирет.
Такталгандай, кармалган адам муниципалдык жердин ижара мөөнөтүн узартуу үчүн жеке ишкерден акча каражатын талап кылган.
Сотко чейинки өндүрүштүк материалдар Жазык кодексинин 326-беренеси (“Пара талап кылуу”) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.
Кармалган адам убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар