Камчыбек Ташиев он үчүнчү февраль күнү эртең менен Кыргызстанга келетАзия инфратүзүмдүк инвестициялар банкы Кыргызстандагы мамлекеттик долбоорлорду колдоого даярМарлен Маматалиев: Мамлекетти бөлүп-жарууга жол бербейбизБишкек менен Чүйдө спирт ичимдиктерин чыгарган жашыруун цехтер аныкталды2025-жылы кайсы банктар эң көп насыя берди? РейтингМарлен Маматалиев Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланды
Талас облусунда бири-бири менен чектешкен аймактарга посттор коюлду
25.03.2020 | 10:59
Талас облусу боюнча ар бир айылга санитардык-карантиндик посттор коюлуп, адамдардын жана автоунаалардын каттамы дыкат көзөмөлгө алынууда. Өзгөчө муктаждык болбогон жагдайда, жашаган жеринен эч ким, эч жакка чыкпоого тийиш. Бул тууралуу Талас облусттук администрациясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Талас облусунун кире бериши Талдыбулак айылында 21-марттан баштап карантиндик-санитардык пост иштеп жатат. 24-марттан баштап Талас шаарына жана Талас, Бакай-Ата, Кара-Буура, Манас райондорунун бири-бири менен чектешкен аймактарына атайын посттор коюлду.
Санитардык посттордон өтүүгө, өтө зарыл жана жүйөлүү себеп менен каттаган жарандарга гана уруксат берилет.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом