Коменданттык саатта 3 себеп менен гана көчөгө чыгууга болот. Алар кайсылар?

Коменданттык саатта 3 себеп менен гана көчөгө чыгууга болот. Алар кайсылар?

Бүгүн, 25-марттан тарта Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларына, Ноокат, Кара-Суу жана Сузак райондоруна өзгөчө абал тартиби кирип, коменданттык сааттар түзүлдү.

Тактап айтканда, саат 8:00дөн тарта 15-апрель саат 8:00гө чейин өзгөчө абал тартиби кирди. Аталган шаарлар менен райондордун аймактарында комендатура түзүлгөн.

Коменданттык сааттын убактысында атайын өткөрмө документи барлардан башка жарандар көчөдө жүрүүгө болбойт.

Коменданттык саат 07:00дөн саат 20:00гө чейинки убакытта да жарандарга сыртка чыгууга чектөөлөр болот.

Жарандар 3 себеп менен гана сыртка чыгууга өткөрмө кагаз алса болот: азык-түлүк дүкөнүнө баруу керек болсо, дарыканага барууга, ооруканага баруу зарыл болсо.

Бул учурда жарандын жанында паспорт же өздүгүн аныктаган документ болуусу керек.  Мындан тышкары коменданттарга колго жазылган анкета көрсөтүүгө тийиш экендигин өкмөттөн маалымдашты.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>