Талас шаарында мэр алмашты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Таластын мэри Аскар Шабданов башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу кызматтан кетүү тууралуу арыз жазган. Кызматтан бошотуу тууралуу документке президент Садыр Жапаров кол койгон.
Президенттин башка чечими менен Каракол шаарынын мэри Эрмат Жумаев кызматынан бошотулуп, Таластын калаа башчысы болуп дайындалган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз