Пулемёт, автомат, граната. Криминалдуу топтон көп сандагы курал табылды

Пулемёт, автомат, граната. Криминалдуу топтон көп сандагы курал табылды

Ошто кармалган кылмыштуу топтун мүчөлөрүнөн көп сандаган курал-жарактар табылып алынды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Белгилүү болгондой, буга чейин милиция Оштогу акча алмаштыруучу жайды карактап, Кара-Суу районунда автоунаага ок чыгарган кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалганы тууралуу кабарлаган.

ИИМден белгилешкендей, эки учурда тең кылмыш акчаны алуу максатында жасалган. Кармалгандардын арасында Кыргызстан менен Өзбекстандын жарандары бар. Шектүүлөрдүн жашаган жерин тинтүү учурунда көп сандагы ок атуучу куралдар, анын ичинде автоматтар, снайпердик мылтыктар, пулемёттор, тапанчалар, ок-дарылар, гранаталар табылып, тиешелүү экспертизалар дайындалган.

«Кармалгандардын арасында аял киши да бар. Өзбекстандын 36 жаштагы У.С. аттуу жараны (аял киши) Кыргызстандын аймагында мыйзамсыз жүргөн (алдын ала маалыматтар боюнча, ал бир нече жыл мурда Тажикстан аркылуу өлкөгө кирген). Ал кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн биринин аялы болот. Ал башка бирөөнүн документин колдонуп жүргөн. Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Ош шаарында жашаган жеринен отуз жети жаштагы Кыргызстандын жаранынын атына даярдалган паспорт табылды. Жогорудагы бардык фактылар боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат», — деп билдирет министрлик.

Эскерте кетсек, быйыл 27-январда Кара-Суу районунун Нариман айыл аймагындагы турак жайлардын бирине куралчан, үстүнө камуфляж формасын кийген 30-35 жаштагы белгисиз жарандар «Мерседес-Бенц-Вито» унаасы менен келип, үй ээсин карактоого аракет кылышкан. Аталган турак жайдын жашоочулары өздөрүнүн «Тайота Ленд Крузер 200» унаасын айдап чыгып баратканда, аларга карата ок чыгарышкан. Натыйжада эки адам октон жараат алып, ооруканага түшкөн.

Ошондой эле, 25-апрелде Ошто акча алмаштыруучу жайдан 3,6 млн сом каракталган. Маалыматка караганда, окуя саат 08:10дор чамасында болгон. Тапанча көтөрүп, беткап тагынган эки адам Курманжан Датка көчөсүндөгү акча алмаштыруучу жайга кирип келип, ал жакта иштеген 59 жаштагы Х.Б. аттуу жаранды сабап, 3,6 млн сом акчаны алып кеткен. Андан кийин аларды күтүп турган Daewoo Nubira унаасына отуруп, качып кетишкен.

Сабалган жаран ооруканага кайрылган.

Бул окуяларга байланыштуу милиция кылмыштуу топ кармалганын билдирди. Кармалгандардын сегизөө — эркек, бирөөсү — аял киши. Алардын баары убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Ошто акча алмаштыруучу жайды карактап кеткендер кармалды (видео)

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Тэги: ИИМ Ош

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>