Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуштун 24 гана ардагери калды: алар Жеңиш күнүнө карата кандай төлөмдөрдү алышат?ТИМ: Кыргызстан Жакынкы Чыгыштагы ок атышууну токтотуу боюнча макулдашууну кубаттайтАвтобустарда телефон уурдап жүргөн. Бишкекте чөнтөк уурулукка шектелген жаран кармалдыКыргызстан менен Япония «Бир айыл — бир продукт» долбоорун өнөр жай масштабына өткөрүүнү макулдаштыЖОЖдогу чет өлкөлүк студенттердин ортосундагы чыр-чатактын чоо-жайы«110 сом үчүн баланын өмүрү кыйылган»: Нарында окуучу өз жанын кыйган окуя парламентте көтөрүлдү
Таласта 4,2 млн сомдук жер мамлекетке кайтарылды
01.08.2024 | 18:00
Таластын Бакай-Ата районунда мыйзамсыз жеке менчикке берилип кеткен жер мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалым болгондой, райондук прокуратура Түйтө айылында турак жай куруу үчүн каралган 4500 чарчы метр жер жеке менчикке мыйзамсыз берилип кеткенин аныктаган. Көзөмөл органы бул факт боюнча сотко кайрылып, жер муниципалдык менчикке кайтарылган.
Прокуратуранын маалыматы боюнча, аталган жердин баасы 4,2 млн сомду түзөт.