Таласта эки баласы менен келиндин өлтүрүлүшү. Акыйкатчы мамлекеттик органдарга кайрылды

Таласта эки баласы менен келиндин өлтүрүлүшү. Акыйкатчы мамлекеттик органдарга кайрылды

Акыйкатчыс Жамиля Жаманбаева мамлекеттик органдарды балдардын жана аялдардын коопсуздугун камсыздоо боюнча чукул чараларды көрүүгө чакырат. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунан билдиришти.

Акыйкатчы Талас облусундагы жаш келиндин жана анын кичинекей балдарынын өзгөчө мыкаачылык менен өлтүрүлүшүнө тынчсызданууда.

«Бейкүнөө балдарды жана алардын энесин өлтүрүү – өтө оор кылмыш. Мамлекеттик органдар аялдардын жана балдардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн бардык чараларды көрүшү керек, анткени аларга карата зордук-зомбулук күч алууда», — деди акыйкатчы.

Акыйкатчы тез аранын ичинде сот органдарынан жана Юстиция министрлигинен пробациялык көзөмөлдү колодонуу маселесине көңүл бурууну талап кылууда.

«Кылмышкер шарттуу түрдө абактан бошотулгандан кийин, өч алуу максатында, зордук-зомбулукка кабылгандардын алдына келип, катаал кылмыштарды жасаган биринчи жолку көрүнүш эмес», — деп белгилейт Жамиля Жаманбаева.

Мамлекеттик органдар коомду жана зомбулуктун курмандыктарын пробацияга алынган кылмышкерлерден коргоо үчүн бардык чараларды көрүүгө тийиш. Акыйкатчы оор кылмыштар үчүн соттолгон кылмышкерлерге пробациялык көзөмөлдү колдонуу практикасы кылдат изилдөөнү жана кайра текшерүүнү талап кылаарын белгилейт.

«Акыйкатчы институту жалпы коом менен бирге мындай зомбулукту жана ырайымсыздыкты айыптайт. Биз ушундай кыйын учурда, курман болгондордун үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтып, сиздер менен оюбуз жана тилегибиз бирге экенин билдиребиз», — деди акыйкатчы.

Белгилей кетсек, 24-майга караган түнү Талас районунун Ак-Башат айылында жаш келин жана анын балдары (4 жана 2,5 жаштагы) мыкаачылык менен  өлтүрүлгөн. Кылмышка шектүү делген келиндин кайнагасы издөөгө алынып, ал кармоо учурунда өлтүрүлгөн.

Таластагы 3 адамдын өлүмү. Агасы инисинин үй-бүлөсүнөн өч алгандыгы айтылды

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>