«Кумтөрдүн» таза пайдасы 706 млн долларды түздүКыргызстан 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча КМШда экономикалык өсүш ыргагы боюнча лидер болдуМурдагы депутат Кубанычбек Конгантиев эки айга камалдыЖактоочу ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелип кармалдыБишкекте Кыргызстандын универсиадасы өтүүдөКыргызстанга 31 млн сомдон ашык суммадагы БАДдарды мыйзамсыз алып кирүү аракетине бөгөт коюлду
Таласта күйөөсүн өлтүрүүгө шектелип анын аялы кармалды
27.07.2023 | 16:07
Талас облусунда эркек кишинин өлүмүнө шектүү делип, жарандык никедеги аялы кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, 23-июлда Бакай-Ата РИИБге адам өлтүрүү фактысы боюнча маалымат түшкөн. Анда 1988-жылы туулган жаран бычактан алган жаракатынан улам каза болгону айтылган. Бул иш электрондук журналга катталып, тергөө тобу окуя болгон жерге барган.
“Шектүү катары 1989-жылы туулган аял кармалган. Ага карата “адам өлтүрүү” беренеси менен иш козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда териштирүү иштери жүрүүдө”, – деп жазылат маалыматта.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Криминал