Бишкекте эл аралык “Оймо-2023” фестивалы башталды

Бишкекте эл аралык “Оймо-2023” фестивалы башталды

27-июлда Бишкекте XVII эл аралык “Оймо-2023” салттуу маданият жана кол өнөрчүлүк фестивалы башталды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, жыл сайын фестивалга Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Түркия, Азербайжан, Ооганстан, Индия, Кытай, Орусия, Иран, АКШ жана Мексикадан чеберлер келишет.

Жарманкеге шаар тургундары жана чет элдик коноктор, кол өнөрчүлөр, дизайнерлер, маданият жана искусство ишмерлери, чыгармачыл  тармактардын өкүлдөрү катышууда.

Фестивалдын максаты — маданий мурастарды сактоо, салттуу билимдердин уландысын жандандыруу, кол өнөрчүлүк рыногун жана маданий мурастарга негизделген креативдүү индустрияларды өнүктүрүү жана Кыргызстанды экологиялык жактан таза маданий туризмдин эл аралык аймагына айландыруу.

“Оймо” – Кыргызстанда 2006-жылдан бери өткөрүлүп келе жаткан эл аралык маданий фестиваль. Салт боюнча июль айынын аягында Бишкекте жарманке менен ачылып, Ысык-Көлдүн жээгинде уланат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>