Таласта милиционер болорун айткан балага велосипед белекке берилди (видео)

Таласта милиционер болорун айткан балага велосипед белекке берилди (видео)

Таласта милиция кызматкери болууну каалаган 7 жаштагы бала велосипед белекке берилди. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Таласта облустук милицияда эки күндүк семинар уюштурулган. Бүгүн, 21-январда ага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, имамдар катышкан. Келгендердин арасында Көк-Кашат айылынын имамы Бакыт Сатыбалдиев болгон. Ал жыйынга өзү менен 7 жаштагы уулу Рамазанды ээрчите келген.

Семинардын жүрүшүндө ИИМдин Ж.Шабиров атындагы Республикалык окуу борборунун окутуучулары Рамазанга келечекте ким болорун сураган. Рамазан ойлонбостон туруп милиция кызматкери болорун айткан.

Баланын жообун уккан облустук милициянын башчысы Азенбек Козукеев семинар бүткөнгө чейин велосипед алдырып, келечектеги милиционер Рамазанга белекке тапшырган.

Баланын атасы Бакыт Сатыбалдиев 7 жаштагы уулу Рамазан милиция кызматкери боло тургандыгын көп айткандыктан, бүгүнкү иш-чарага атайын ээрчитип алгандыгын белгилеп, күтүүсүз белекке ыраазычылык билдирген.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>