Эл аралык олимпиада комитети аялдар арасындагы мелдештерге трансгендерлердин катышуусуна тыюу салдыБишкекте Кожевенная көчөсү оңдоого жабылатКыргызстанда органдарды трансплантациялоо программасы кеңейтилүүдө: бөйрөк бекер алмаштырылат, кезекте — боорКыргызстандын Анталия шаарындагы башкы консулу алмашты28-март: Күн ачык жана жылуу болотКыргызстанда айына 1000 тонна продукция чыгаруучу заманбап сүт заводу курулат
Таласта минералдык суу чыгаруучу завод ачылды
29.12.2025 | 11:31

Талас облусунун Талас районундагы Жанкороз Олуя айылында минералдык суу чыгаруучу «Беш-Таш–Кайыңды» кичи заводу ачылды. Ачылыш аземге өлкө башчы Садыр Жапаров онлайн катышты. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Кичи завод заманбап технологиялар жана жабдуулар менен камсыздалып, саатына 1000 даана бөтөлкө минералдык суу чыгара алат. Ишкананын ишке кириши менен жаңы жумуш орундары түзүлдү.
“Аталган долбоор аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө олуттуу салым кошуп, жергиликтүү калкты сапаттуу жана экологиялык жактан таза минералдык суу менен камсыздоого багытталган”,- деп билдирди министрлик.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика