Юстиция министрлиги Бекешевдин Конституциядагы 44 ката тууралуу билдирүүсүнө жооп бердиКРда акчаны адалдоо үчүн 1 миллион сом айып салуу жана фирмаларды жабуу сунушталуудаБишкекте заманбап авторлордун «Графика» көргөзмөсү өтөтПолитехникалык коллеж КМТУнун карамагына өткөрүлдүПашинян Жапаровду Казакстандын президенти деп жаңылыш атады — протокол кызматынын башчысы иштен алындыБашкы прокуратура автоунаа алдамчылыгына айыпталган жаранды Молдова өлкөсүнөн кайтарды
Оштун мэри 8 балалуу энеге үй белек кылды
29.12.2025 | 10:45

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев 8 балалуу энеге жаңы жылдык белек катары үй тапшырды. Бул тууралуу Ош мэриясы билдирди.
8 баланын энеси Роза Абдыкарова С. Жигитов мектебинде көп жылдан бери пол жууп иштейт. Ал буга чейин батирлеп жашап жүргөн. Мектептен иштеп тапкан каражаты ижара акысына жана күнүмдүк тамак-ашына гана жетчү.
Токторбаев аталган мектепке текшерүү менен барганда көп балалуу эненин абалы менен таанышып, ага жардам берүүнү убадалаган.
“Шаар мэри айткан убадасын бүгүн иш жүзүндө аткарып, үйдүн ачкычын тапшырды. Турак жай толук оңдоп-түзөөдөн өтүп, жашоого бардык шарттары бар”,- деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле көп балалуу энеге үй тиричилигине керектүү муздаткыч, газ плитасы, аристон жана сыналгы белекке берилгени айтылды.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом