Таласта оорукананы оңдоодо 900 миң сом желген

Таласта оорукананы оңдоодо 900 миң сом желген

Талас облустук бириккен ооруканасын капиталдык ремонттон өткөрүүдө баалар негизсиз жогорулатылып, өлкө бюджетине 900 миң сомдон ашык зыян келтирилген. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Маалыматта айтылгандай, Талас облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын адиси жеке ишкананын жетекчиси менен келишип алып, аткарылган иштин баасын жогору баалаган.

Бул фактынын негизинде  Жазык кодексинин 320-беренесинин 2-бөлүгү (“Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) менен кылмыш иши козголгон.

Кылмышка шектүүлөрдүн бири – жеке ишкананын жетекчиси тергөө абагына киргизилген, ал эми башкармалыктын кызматкери оорусуна байланыштуу камалган эмес.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>