Талас облусунун Кара-Буура районун Кызыл-Адыр айылында тез татым жайында жарылуу орун алып адамдар жабыркаганын күбөлөр кабарлашууда.
Ага ылайык, жарылуу бүгүн, 4-январда саат 15:30дар чамасында болгон.
Андан 11 адам жаракат алып ооруканага жеткирилген. Алардын итчинде төртөөнүн абалы оор экени кабарланууда.
ӨКМнын маалыматына караганда ал жерге өрт өчүрүүчүлөр тартылып, учурда тилсиз жоо чектөөгө алынган.