Таласта Ташбоо Жумагулов атындагы маданият үйү ишке берилди

04.10.2025 | 20:32

Бүгүн, 4-октябрда Талас облусунун Айтматов районуна караштуу Чолпонбай айыл аймагындагы Жоон-Дөбө айылында капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөн Ташбоо Жумагулов атындагы маданият үйү салтанаттуу түрдө ачылды. Бул тууралуу Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү билдирди.

Иш-чарага Талас облусунун башчысы Эрмат Джумаев, Президенттик администрациянын өкүлү Октябрь Капалбаев, маданият министри Мирбек Мамбеталиев, Кыргыз Эл Баатыры Алиясбек Алымкулов, мамлекеттик агенттиктин директору Кудайберген Базарбаев, Кыргыз Эл артисти Асылбек Өзүбеков, маркумдун жубайы Жеңишгүл Өзүбекова жана башка белгилүү адамдар катышты.

Сметалык наркы 32,6 млн сомду түзгөн маданият үйү республикалык бюджеттин эсебинен толук оңдолуп, заманбап шартта кайрадан ишке берилди.

Талас облусунун башчысы Эрмат Джумаев өз сөзүндө бул жаңыланууну өлкө башчы Садыр Жапаровдун аймактарды өнүктүрүү саясатынын жемиши катары белгилеп:

“Маданий очоктордун жаңыланышы коомдун биримдигин бекемдеп, улуттук нарк-дөөлөттөрдү жайылтууга чоң өбөлгө түзөт”, — деди.

Ал ошондой эле жаңыдан оңдолгон маданият үйү мындан ары жаш таланттарды тарбиялап, элибиздин ынтымагын чыңдаган маанилүү борборго айланарына ишенимин билдирди.

Маалымат үчүн:

Коомдук ишмер жана агартуучу Ташбоо Жумагулов 1950-жылы Талас облусунун Жоон-Дөбө айылында туулган. Ал мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы, Кыргызстандын Түркиядагы элчиси кызматтарын аркалаган. Ошондой эле бир катар жогорку окуу жайларынын ардактуу профессору болуп, «Даңк» медалы менен сыйланган.

Scroll to Top