Бишкектин айрым көчөлөрүндө 15-октябрда ичүүчү суу өчүрүлөтКыргызстан менен Орусиянын саламаттыкты сактоо министрлери Москвада кызматташтыкты талкуулаштыСадыр Жапаров Азербайжанга иш сапары менен баратКараколдо май куюучу жай мыйзам бузуулар менен курулганы аныкталып, айып пул салындыСанариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу кызмат мындан ары IMEI-коддорду текшерүү ишмердүүлүгүнө лицензия бербейтКыргызстандын Жарандык авиация агенттиги ИКАО текшерүүсүн эскертүүсүз өттү
Кыргызстан Афганистанга кезектеги гуманитардык жардам жөнөттү
04.10.2025 | 18:10

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдагандай, 25-сентябрда Ош шаарынан чыккан гуманитардык кербен Өзбекстан аймагы аркылуу өтүп, 27-сентябрда Термездеги Хайратон өткөрмө постуна жеткен. Ал жерде Кыргызстандын Афганистандагы өкүлү жана жергиликтүү коопсуздук органдары тосуп алып, Мазари-Шариф шаарына чейин коштоп барышты.
Жалпы 130 тонна азык-түлүк, 2 миллион сомдук балдардын жылуу кийим-кечелери жана керектүү күнүмдүк товарлардан турган жүк 28-сентябрда Мазари-Шарифте өткөрүлгөн атайын аземде тапшырылды.
Эскерте кетсек, акыркы төрт жылда Кыргызстан Афганистан элине 360 тоннадан ашуун гуманитардык жүк жөнөткөн.