Бүгүн, 7-апрелде Талас шаарында жаңы борбордук стадиондун курулушуна мезгил кутучасын салуу аземи болуп өттү. Бул тууралуу УКМК маалымдады.
Салтанаттуу иш-чарага УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев жана курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министринин орун басары Иманакун уулу Талант катышкан.
Курула турган стадиондун жалпы аймагы 5 гектар 56 сотыхты түзөт. Стадиондун батыш жана чыгыш тараптарда жайгашкан трибуналар 5055 көрүүчүгө ылайыкталат. Ал эми үч кабаттуу трибуналар алдында жайгашкан корпуста кийим алмаштыруучу бөлмөлөр, мелдештерди өткөрүү үчүн функционалдык бөлмөлөр салынат.
Андан сырткары, аталган корпустун ичинде профессионал футбол оюнчулары үчүн ылайыкталган жатакана жана тамактануу жайы, конференц-зал жана бир нече администрадивдик бөлмөлөр жайгашат. Комплекстин үчүнчү кабатында VIP-коноктор, медиа өкүлдөрү, ТВ адистери, беттештин расмий өкүлдөрү үчүн жана VAR системасын орнотуу үчүн орундуктар жайгашат.
Стадиондун оюн талаасы гибриддик болуп, анын айласында чуркоо аянтчасы курулат. Ал эми стадион жарык берүүчү шам-чырактар менен жабдылып, футболдук беттештерди кечки убакытта өткөрүүгө шарт түзүлөт.
Стадионго караштуу аймакта футбол аренасынан сырткары машыгуу оюн талаасы, воркаут аянтчасы, фудкорт аянтчасы орун алат.
Ошондой эле, стадиондун аймагында массалык иш-чаралар үчүн 180 унаага ылайыкталган унаа токтотуучу жай курулат.