Талас районунда 28-мартта таңга маал саат 4:42де жана саат 16:56да катталган жер титирөөлөрдө 48 үй жабырканаганы аныкталып, акт түзүлдү. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Райондук Жарандык коргонуу комиссиясы жер силкинүү болгон күндөн тартып айыл аймактарда иликтөө иштерин жүргүзүшүп, жарака кеткен үйлөрдү аныкташты. Алардын берген маалыматы боюнча бүгүнкү күндө жабыркаган 48 турак үйдүн 31и камсыздандырылган. Калган 17 үй камсыздандыруудан өткөн эмес.
Жарака кеткен үйлөр:
— Каракол айыл аймагынын Көпүрө-Базар айылында – 26;
— Арал айылында – 12;
— Үч-Эмчек айылында – 2;
— Шумкар-Уя айыл аймагынын Талды-Булак айылында – 6;
— Чоң-Алыш айыл аймагынын Манас айылында – 1;
— Кең-Кол айыл аймагынын Көк-Ой айылында – 1.
Белгилей кетсек, кырсык катталган сааттан тартып Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жана облустук, түзүмдүк бөлүмдөрүнүн өздүк курамы ыкчам жыйынга чогулуп, абалды көзөмөлдөө, зарыл болгон чараларды көрүү, өзгөчө даярдыкта турууну камсыз кылуу тапшырмасы коюлган. Ошондой эле Жарандык коргонуу комиссиясы тартылып, жеринде алып барышты.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз