Мурат Бейшенов: Эл аралык укук жоголуп, эл аралык күч гана калдыЖогорку Кеңеште тилемчилик үчүн жоопкерчиликти караган мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алындыЖККУда аскердик түзүмдөрдү жана продукцияларды ташуунун жаңы эрежелери күчүнө кирдиӨКМ: Жакынкы сааттарда Бишкекте жана Чүй өрөөнүндө катуу шамал болотЭльвира Сурабалдиева 8-мартта өтө турган аялдар жүрүшүнө уруксат берүүнү сурандыСауд Арабиясынан эки авиакаттам аркылуу 210 жаран алынып келинүүдө
Таласта Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты кармалды
09.06.2025 | 15:30
Талас облусунун милициясы Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Кенжебек Бокоев коррупцияга шектелип кармалганын билдирди.
Ага Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин (Коррупция) негизинде кылмыш иши козголгон.
“Козголгон кылмыш ишинин алкагында 9-июнда Талас ОИИБдин тергөө кызматы тарабынан Жогорку Кеңештин эки чакырылышынын депутаты Б.К.С. кармалып, Талас ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди”,- деп айтылат маалыматта.
Учурда тергөө иши жүрүп жатат.
Белгилей кетсек, Кенжебек Бокоев 2010-жылы “Республика” партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышына, ал эми 2015-2021-жылдары “Республика-Ата Журт” партиясынан парламенттин алтынчы чакырылышында депутат болгон.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар