Таласта ЖРТдан 200 балл алган бүтүрүүчү кыз, ата-энеси жана мугалимдери сыйланды

Таласта ЖРТдан 200 балл алган бүтүрүүчү кыз, ата-энеси жана мугалимдери сыйланды

Жалпы республикалык тестирлөөдөн 200 балл алган Таластагы Шумкар-Уя айыл аймагындагы мектептин бүтүрүүчүсү Адинай Хаписовага, ата-энесине жана мугалимдерине сыйлык берилди. Бул тууралуу Шумкар-Уя айыл өкмөтүнөн билдиришти.

Адинай Хаписова — А. Бөрүбаев атындагы орто мектептин 11-классынын бүтүрүүчүсү. Ал быйыл Жалпы республикалык тестирлөөдөн 200 балл алып, Талас району боюнча эң көп балл алган окуучу болгон. Ага байланыштуу айыл өкмөтү Адинай Хаписовага iPhone 15тин, ата-энесине 100 миң сом акчалай сыйлыктын сертификаттарын, ошондой эле мектеп директору менен мугалимине Дубайга барып эс алууга жолдомо тапшырган.

Белгилей кетсек, буга чейин Адинай Хаписова «Алтын тамга» артыкчылык аттестатына да ээ болгон. Ага жана Таластагы «Алтын тамга» алган башка окуучуларга ноутбуктар белекке берилген.

“Альянс Алтын” алдыңкы мектеп бүтүрүүчүлөрүнө ноутбук белек кылды

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: Талас

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>