Таластагы «Kerben Palace» мейманканасынын имараты мамлекетке кайтарылды

Таластагы «Kerben Palace» мейманканасынын имараты мамлекетке кайтарылды

Талас шаарындагы «Kerben Palace» мейманканасынын имараты мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Маалыматта айтылгандай, административдик имаратты ага жанаша жайгашкан 52 сотых жери менен буга чейин «Kerben Palace» мейманканасы пайдаланып келген.

Алдын ала тергөөнүн жыйынтыгында Талас облустук административдик соту тарабынан жер тилкесин жеке менчикке берүү боюнча Талас шаардык мэриясынын токтомун жараксыз деп табуу чечими чыгарылган.

Буга байланыштуу «Kerben Palace» мейманканасынын өкүлдөрү жер мыйзамдарынын бузулушун моюнга алып, административдик имаратты мамлекеттин менчигине өткөрүп берүү боюнча «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Таластагы бөлүмүнө арыз менен кайрылууну чечишкен. Учурда административдик имарат Талас шаардык мэриясынын балансына өткөрүлүп берилди»,- деп айтылат маалыматта.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>