Самаркандда Жээнбек Кулубаев менен АКШнын мамкатчысы Марко Рубио жолугуштуКыргызстанда кыймылсыз мүлктү каттоону кечиктиргендиги үчүн туум киргизүү сунушталуудаОш шаарындагы эски базардын ордуна эс алуу жайы жана туристтик шаарча курулатЫсык-Көл облусунда миң гектардан ашык кунарсыз жайытка үрөн себиле баштадыЭки оркестр, эки өлкө: Бишкекте кыргыз-швейцар марш-парады өттүКыргызстанда өзгөчө айкалыштагы унаа номерлеринин сертификатын кайра каттоо онлайн форматка өттү
Өспүрүмдөр канча саатка чейин иштей алат? Эмгек министлигинин жообу
12.06.2025 | 09:43
Кыргызстандын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жайкы каникул маалында өспүрүмдөрдүн жумуш убактысы боюнча мыйзамдык чектөөлөрдү эскертти.
Жумуш убактысынын чектөөсү:
- 14–16 жаштагы өспүрүмдөр — күнүнө 5 сааттан ашык эмес;
- 16–18 жаштагылар — күнүнө 7 сааттан ашык эмес.
Эгер өспүрүм жумушту окуу менен айкалыштырса:
- 14–16 жаш — күнүнө 2,5 сааттан ашык эмес;
- 16–18 жаш — күнүнө 3,5 сааттан ашык эмес.
Ишке орношуу шарттары:
- Жумушка 16 жаштан баштап уруксат берилет.
- 15 жаштан — атайын уруксат менен.
- 14 жаштан — ата-эненин жазуу жүзүндөгү макулдугу жана ден соолукка зыяны жок жеңил иштерге гана.
“Кыргыз Республикасында балдар эмгегинин эң начар формаларына тыюу салынат. Иш берүүчүлөр өспүрүмдөрдү жумушка алууда эмгек мыйзамдарын так сактоого милдеттүү”,- деп белгилейт министрлик.
Рубрики: Жаңылыктар