Айбек Бузурманкулов өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан бошотулду. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.
Тиешелүү буйрукка премьер-министр Улукбек Марипов кол койгон.
Маалыматка таянсак, Айбек Бузурманкулов башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан бошотулду.