Таластын «Нирвана» сортундагы төө буурчагы 30дан ашык өлкөгө экспорттолууда

21.08.2025 | 16:37

Таластын төө буурчагы учурда дүйнөнүн 30дан ашык өлкөсүнө экспорттолууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги кабарлады.

Талас облусунда төө буурчак жыйноо иштери кызуу жүрүп жатат. Орто-Арык айылынын дыйкандары быйыл «Нирвана» сортундагы төө буурчактан мол түшүм алышууда.

Айылдын тургундарынын бири 1,5 гектар жерге төө буурчак айдап, ар гектарынан орточо эсеп менен 1,5 тонна түшүм алууда. Анын айтымында, учурда төө буурчактын базар баасы 105–110 сомдон сатылууда. Жыйноо тракторлордун жардамы менен жүргүзүлүп, 2 гектар жерди орто эсеп менен 5 миң сомдон жулдуруп берүүдө.

Дыйкандардын айтымында, быйылкы ысык аба ырайына байланыштуу түшүм жыйноо мурунку жылдарга салыштырмалуу 15–20 күнгө эрте башталды.

Расмий маалыматтарга ылайык, 2025-жылы Талас районунда жалпы 12 183 гектар жерге төө буурчак айдалып, бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 319 гектарга көп. Аймакта төө буурчактын төрттөн ашык түрү өстүрүлүп, түшүм жыйноого МТС ишканалары жана жеке техникалар тартылган.

Рубрики: Жаңылыктар
Scroll to Top