Согуштан кийинки дүйнө: баатыр шаарлар жана эс тутум тууралуу талаш-тартыштарБишкекте иттер сол салган баланы ооруканага жеткирген милиция кызматкери андан кабар алдыБишкекте ЖАМКтын подполковниги бассейнге чөгүп бараткан кызды сактап калды — чоо-жайыКыргызстандык спортчу Венгриядагы дзюдо турниринде биринчи орунду жеңип алдыЧуңкурчакта түлкүнү аткан жарандарга айып пул салындыБишкекте жол тандабас жөө өтмөктөн 25 жаштагы жаранды сүзүп кетип, ал каза тапты
Талибан Афганистанда шахматка тыюу салды
12.05.2025 | 17:49
“Талибан” кыймылы Афганистанда шахматты “кумар оюну” деп атап, тыюу салганын Франс Пресс агенттигине шилтеме берүү менен Deutsche Welle жазды.
Спорт департаментинин өкүлү Атала Машванинин айтымында, талибдердин көзөмөлүндөгү Афганистанда шахмат ойноого расмий түрдө тыюу салынган.
Машванинин айтымында, шахмат 2024-жылы талиптер тарабынан кабыл алынган “Азаматты жайылтуу жана жамандыктын алдын алуу мыйзамына” ылайык тыюу салынган кумар оюндарынын категориясына кирет.
Бул кадам 2021-жылы бийликке кайтып келгенден бери режимдин укуктарды жана эркиндиктерди чектөө саясатынын уландысы. Афганистанда буга чейин музыка, кино, аялдардын билим алуусуна жана аялдардын коомдук турмушка катышуусуна тыюу салынган.
Рубрики: Жаңылыктар